Печать
Категория: Коом
Просмотров: 165

Жогорку Кеңештин “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты Абдыбахаб Боронбаев мандатын тапшыруу үчүн БШКга арыз жазды.

Боронбаев эмне себептен депутаттыктан кетип жатканы белгисиз. БШК анын арызын карай элек.

Мурдагы бажычы Абдывахаб Боронбаев “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайланып, депутаттык мандатты 2022-жылы алган. Боршайкомдун жыйынында Боронбаевдин соттуулугу жок экени айтылган.

Абдывахаб Боронбаев 1968-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Телман айылында төрөлгөн. Эгемендик жылдары Кара-Суу райондук керек-жарак коомунун товароведи болуп эмгектенип, 1996-жылдан 2020-жылга чейин Бажы кызматында ар кайсы кызматтарда иштеген. Кезинде Түштүк-Батыш бажысынын жетектеген.