Печать
Категория: Коом
Просмотров: 89

Бүгүн, 14-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2023-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Камбарата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам) жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Макулдашуу катты (Гранттык макулдашуу) (Камбарата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам) ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов белгилегендей, каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Макулдашуу катты (Гранттык макулдашуу) ишке ашыруунун максаты – 1860 МВт белгиленген кубаттуулугу болгон Камбарата ГЭС-1 2014-жылы «SNC-Lavalin» (Канада) жана «Энекс» ААК (Россия)» курамында консорциум тарабынан иштелип чыккан куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемени актуалдаштыруу болуп саналат.

Андан тышкары, жыйында «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоого ээ болду.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси - Министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Чынгыз Ажибаев маалымат берди. Анын айтымында, мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Атап айтканда, 86-статьянын 2-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунуш кылынат: «Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары юридикалык жактын статусуна ээ. Алар түзүлгөн күндөн баштап түзүлдү деп эсептелет. Аларды каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан аныкталат».