Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык автоунаалар айрымдары аукцион аркылуу сатылып, акчасы мамлекеттик бюджетке которулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Нургазы Анаркулов соцтармактагы баракчасына жазды.
"КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан мурда конфискацияланган "мыйзамдагы ууру", атайын операция учурунда жок кылынган Камчы Көлбаевге таандык унаалар аукционго коюлгандыгы маалым. Андан түшкөн каражаттар мамлекеттик бюджетке чегерилет.
Бүгүн ал унаалардын бир тобу аукцион аркылуу сатылганы маалым болду:
Hyundai Genesis 2019-жылы чыгарылган, сатылган баасы — 3 млн сом;
Toyota Land Cruiser Prado (2005-ж.) — 1.4 млн сом;
KIA RIO X-LINE (2019-ж.) — 1.2 млн сом;
BMW X6 (2021-ж.) — 7.6 млн сом;
Toyota Land Cruiser 100 (2002-ж.) — 1.1 млн сом.
Жалпысынан дээрлик 14 миллион сом өндүрүлдү.
Эми аукционго Көлбаевдин эң кымбат унаалары коюлат, алар:
- BMW Alphina XB7 (2021-ж.) - баштапкы баасы - 14,4 млн сом.
- Сооттолгон Mercedes Benz S600 (2015-ж.) - 4.9 млн сом.
Кримдүйнөгө каршы КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жарыялаган күрөштүн алкагында акыркы жылдары мамлекеттин пайдасына 1 миллиард 200 миллион доллардан ашык каражат өндүрүлгөн. Бул сумма быйыл да өсө тургандыгы анык.
С.Жапаров менен К.Ташиевдин бийликке келер алдында берген убадалары толугу менен аткарылып жатат. Кудай таалам колдосун!" - деп жазды Нургазы Анаркулов.