Январь айынын соңунда болгон Азия Кубогунда Кыргызстандын футбол командасы эң акыркы орунду алып, анын айынан плей-оффко чыга албай калышкан. Мындан улам футбол федерациясынын президенти Медербек Сыдыков жана аткаруу комитетинин жетекчилери отставкага кетишкен. Алар өз милдеттерин 19-февралга чейин аткарышат, андан соң жаңы жетекчилик тандалат. Президент Садыр Жапаров маектеринин биринде Камчыбек Ташиевге футбол федерациясын башкарууну сунуштаганын айткан. Кийинчерээк К.Ташиевдин талапкерлиги "Талант" футболдук клубу тарабынан көрсөтүлгөнү белгилүү болгон.
Бул боюнча белгилүү ишкер, коомдук ишмер Аскар Салымбеков пикирин билдирди:
— Бул абдан туура жана убагында болгон сунуш болду. Жана айтып өткөндөй футболго мамлекет тараптан көңүл бурулмайын жакшы жыйынтык болбойт. Бүгүн биздин футбол федерациябызга жаңы көз карашта иш алып барып, жетекчи катары талапты катуу койгон инсан керек болуп турган. Ушундай кырдаалда Президентибиздин сунушу колдоого алаарлык иш болду. Камчыбек Кыдыршаевичтин келиши менен кыргыз футболунда натыйжалуу өзгөрүү болот деген ишеничим чоң. Анткени ал кишинин футболго күйөрмандык менен жасаган аракеттерин, чечкиндүү кадамдарын, анан да талапты катуу коюп, андан жыйынтык чыгарган мыкты-мыкты иштерине күбө болуп келе жатабыз. Ошол эле учурда футболго болгон мамилесин жакшы билебиз. Камчыбек мырза футболдун чыныгы күйөрманы, өзү да, балдары да, кызы да футболду профессионалдуу деңгээлде ойногону. Мына Жалал-Абадга дүйнөлүк «Барселона» командасынын футбол академиясын ачты. Бишкекте ушул академиянын пайдубалы түптөлдү. Көп жылдары күткөн Жалал-Абад шаарында “Мурас Юнайтед” командасы жаралды...
Федерациянын башына келгенге чейин эле футболду өнүктүрүүгө зор салымын кошуп келген болсо, буюрса эми мындан ары андан да чоң иштерди жасайт деп турабыз. Жакында федерациянын президентин шайлоого чогулабыз, буюрса бардыгы бир добуштан Камчыбек Кыдыршаевичтин талапкерлигин колдоп берет деген ишеничтемин...