Печать
Категория: Коом
Просмотров: 457

12-февралда Чолпон-Атанын улгайган тургундарынан 6 миң сом талап кылып, анын 100 миң сомун алуу учурунда КРнын эки жараны В.А.И. жана Х.Р.Р кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 
Маалыматка ылайык, кармалгандар КРнын тиешелүү каттоо жана нотариалдык органдарындагы байланыштары аркылуу кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугунан ажыратуу коркунучу менен, кары адамдардан көрсөтүлгөн суммадагы  акча каражатын опузалап талап кылышкан.
Кылмышка шектелип кармалгандар Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
"Кармалган В.А.И., Х.Р.Р. аттуу жарандардын алдамчылык аракеттеринен жапа чеккен дагы башка жарандар болсо Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү №148 дарегине же, 0392251180, 0555540052 байланыш телефон номерлери аркылуу КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылсаңыздар болот", - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Белгилей кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан мыйзам үстөмдүк кылган өлкөгө айланаарын дайыма айтып келет.

"2023-жылы биз уюшкан кылмыштуу топтордун белин сындырдык. Мындан ары мамлекетибизде эч кандай уюшкан кылмыштуу топтор, бандиттер, кайсы бир кримтөбөлдөр болбойт. Мамлекетибиз мыйзамдуу, укуктуу, эркин мамлекет болот. 2024-жылы уюшкан кылмыштуу топтордун кайсы бир мүчөлөрү калган болсо, аларды тыптыйпыл жок кылабыз", - деген жыл башында Сузак районундагы милиция кызматкерлери менен жолугушуусунда.