Журналист Эрмек Аттокуров Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап акча талап кылуу” беренесине шек саналып кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Укук коргоо кызматтарына Аттокуров дагы бир жаран менен биргеликте укук коргоо кызматкерлеринен 1 миллион сом опузалап талап кылган деген маалымат келген.
Бул факты Чүй облустук милициясына катталып, кылмыш иши козголгон.
Ал эми 8-февралда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Эрмек Аттокуров талап кылган сумманын 100 миң сомун алып жатканда кармаган жана ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.