Печать
Категория: Коом
Просмотров: 282

Бул иликтөө HeadHunter – КМШ өлкөлөрүндөгү жана Кыргызстандагы жумуш издөө жана персоналдарды табуу боюнча алдыңкы онлайн-платформа тарабынан жасалганын белгилейбиз.

2023-жыл Кыргызстандагы маалыматтык технология тармагындагы эмгек рыногунда активдүү өнүгүүнүн жана туруктуулуктун жылы болду.

1. Вакансиялар рыногунун түзүмү

2023-жылы IT тармагында беш миңден ашуун вакансиялар пайда болгон, анын баары аталган онлайн-платформасына коюлган. Бул квалификациялуу адистерге суроо-талап жогору экенин билдирет.

2. Суроо-талаптагы адистиктер

Иштеп чыгуучулар жана програмисттер суроо-талап көп адистик бойдон калууда. Ал жалпы вакансиялардын 21 пайызын түзөт. Ошондой эле 10 пайыз менен дизайнерлерге, 10 пайыз менен сүрөтчүлөргө, 7 пайыз менен техникалык колдоого да суроо-талап бар. Рейтингге булардан тышкары аналитиктер, долбоор жетекчилери, системдик администраторлор, тестерлер жана маалымат коопсуздугу боюнча адистер кирет.

3. IT – тармагындагы айлык акы

Бул тармактын өкүлдөрү үзгүлтүксүз түрдө жогорку маяналуу кесип ээлерине кирип келишет. Эң жогорку маяналуу башкы 5 позиция: програмист, иштеп чыгуучу, дата-сайентист, дизайнер, сүрөтчү, иштеп чыгуучулар тобунун жетекчиси, долбоорлор жетекчиси.

4. Жумуш издөөчүлөрдүн билими жана аларга болгон талап

Вакансиялардын 63 пайызы “Билими” графасын толтурууну талап кылбайт же билими тууралуу маалыматка кызыкпайт. Вакансиялардын 31 пайызы жогорку билимди талап кылса, 6 пайызы атайын орто билимге канагат алышат. Тажрыйба жана ийгиликтүү долбоорлор жумуш берүүдө башкы факторго айланат, ага жараша жумушка кабыл алынышат.

5. Реалдуу тажрыйбанын маанилүүлүгү

Бизнес үчүн билим же кайсы бир курстарды бүтүргөндү гана эмес, тажрыйба жана долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу маанилүү. Ишти жаңы баштаган адистер үчүн басым иштөө тажрыйбасына жана долбоорлорду ишке ашыруусуна коюлат. Бул жөн эле билим алуу менен чектелбейт.

Корутунду

Кыргызстандын маалыматтык технологиялар эмгек рыногу карьералык өсүүгө мүмкүнчүлүк берген динамикага ээ. Ийгиликтин башкы факторлору катары практикалык жөндөм жана иш тажрыйбасы калууда. Студенттер жана жаңы баштаган адистер үчүн долбоорлорду активдүү, ийгиликтүү ишке ашыруу менен Кыргызстандын IT- коомчулугуна кошулуу мүмкүнчүлүгү бар.

 

 Рахима Махмудова