Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБинин маалыматына караганда, сойкулукка үндөгөн жаран кармалды.
Анда айтылгандай, 17-январда "102" кызматына Фатьянов көчөсүндө сойкукана уюшулгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Айтылган жерге райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу жана акимиаттын адистери барышкан. Маалымат тастыкталган. Социалдык жоопкерчилиги төмөн кыздар акча үчүн интимдик кызмат көрсөтүп келишкени аныкталган. Сүйлөшүү учурунда кыздардын бири "Б" аттуу жигит сойкукананы уюштурганы жана ал үчүн кыздардын кирешелеринин 50 пайызын алып тураарын айткан.
Бул факты боюнча Тергөө кызматы КР Кылмыш жаза кодексинин 160-берене боюнча (сойкулукка жана бузукулукка үндөө) кылмыш ишин козгогон.
Шектүү Ө.Б. милиция кызматкерлери тарабынан кармалган, ал 1993-жылы төрөлгөн жаран болуп чыккан. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милиция интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген адамдар жана жайлар тууралуу кабары бар жарандарды Whatsapp 0701-700-251, 0312-56-60-43 жана 102 кыска номерине билдирип коюуга чакырат. Аты-жөнүн жашыруун калтырууга кепилдик берилет.