Печать
Категория: Коом
Просмотров: 707

Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлдөрү Бишкек ЖЭБде болгон авария тууралуу кеп козгошту. 

Депутат Эмил Токтошев жарылуудан жабыркаган жумушчулардын эртерээк сакайып кетишин каалады. Ошондой эле, мындай кырдаалда коңшу өлкөлөрдүн жардам берип жатканына токтолду. 

"Мындай трагедияда бизге коңшу өлкөлөр жана кайдыгер эмес жарандар, ишкерлер жардам беришип, авариянын кесепеттерин жоюунун үстүндө иштеп жатышкандарды тамак-аш менен камсыз кылышты. Мен аларга ыраазычылык билдирем. Бирок биз эмнеге мындай кырдаал орун алганын такташыбыз керек. Менимче, бул шалаакылык, стратегиялык объектте бир жылда үч жолу директор алмашты. Дагы жакшы авария күндүз эмес, түндө болду. Келтирилген зыян миллиард сомдон ашты. Канча деген адам жабыркады, паника болду. Бул үчүн жетекчилик жооп бериши керек", - деди Токтошев. 

Депутат Дастан Бекешев парламент жетекчиликтин күзгү- кышкы даярдык тууралуу отчетун уккан маалда, аткаминерлердин баары бир ооздор бардыгы жакшы экенин айтышканын эске салды. 

"Окуя болгон жерге барып көрүп койгон жетишсиз. Энергетиканын бардык тармагы артка кеткен. Суу каналдар жана канализация дагы эскирди", - деди. 

Депутат Улукбек Ормонов ушуну менен ЖЭБде экинчи жолу авария болуп жатканын эске салып, кырсыктык келип чыгышын иликтеген комиссия түзүлгөнүн жакшы, бирок ага депутаттар кошулбаганын начар деп баалады. 

"Биз борт артында калдык. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы парламентте угулушу керек деп эсептейм", - деди ал. 

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов комиссиянын иши мамлекет башчынын көзөмөлүндө экенин, аны Бакыт Төрөбаев жетектеп жатканын жана жыйынтыгы парламентке билдирилээрин белгиледи. 

Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБде авария орун алып, андан станциянын беш жумушчусу жабыркаган. Экөөнүн абалы жеңил, үчөөнүкү оор катары бааланган. Үч жумушчу жана тик учактан кулашынан жабыркаган аскер кызматкерлери президенттин учагы менен Түркияга дарыланууга жиберилген.