Кыргызстандагы бардык мугалимдер ушул жылдын июнь айына чейин ноутбук менен камсыздалышаарын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусундагы коллегияда билдирди.
Ал Кытайга барышканда ноутбук чыгаруучу компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышканын белгиледи. Мугалимдерге ноутбукту ошол жактан сатып алууну пландап жатышканын да кошумчалады.
"Мугалим окуучудан акылдуурак болушу керек, бул талап. Андан тышкары беш жылда бир жолу мугалимлер квалификациясын жогорулатышат. Мына, ушул нерседен биз билим берүү жаатында артта калдык. Алдыңкы беш жылга план бар. Кудай буйруса, беш жыл ичинде ноутбук ар бир окуучуда болот, билим берүү жаатында көптөгөн өзгөрүүлөр орун алат", - деди Байсалов.