2-февралда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жана «Мекенчил» депутаттык тобунун кошмо жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 04-майындагы № 191 токтому менен бекитилген 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат угулду.
Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жана орун басары Нурдөөлөт Базарбаев баяндама жасашты. Жыйынга ошондой эле бир катар башка тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти.
Талкуу маалында депутат Карим Ханджеза миграциялык процесстерди жөнгө салуу жаатындагы чараларга кызыкты. Депутат Айбек Осмонов Екатеринбург шаарында жүргүзүлгөн рейд учурунда эмгек мигранттарынын укуктарынын бузулушуна көңүл бурду. Эл өкүлү Коргонбай уулу Жусупбек «Жүк-200дү» Кыргызстанга алып келүү үчүн төлөнүүчү компенсациянын көлөмү, соттолгон жарандарды Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча суроолорду узатты.
Ал эми депутат Камила Талиева берилген маалыматтардын декларативдик мүнөзүн белгилеп, муну менен катар миграция маселелери боюнча өз алдынча мамлекеттик орган түзүү зарылдыгын кошумчалады. Эл өкүлү Ырысбек Атажанов бул пикирди колдоп, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштиктүү чаралар көрүлбөй жатканын сындады.
Бир катар депутаттар чет өлкөлөрдөгү ар кандай жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө зарылдыгына токтолушту.
Андан тышкары, депутат Кундузбек Сулайманов Кыргызстандагы вакансиялар тууралуу маалымат берип, республикадагы жумуш орундары боюнча маалыматтарды системалаштырууга чакырды. Депутат Джамиля Исаева эмгек мигранттардын балдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселесин ортого салды. Депутат Надира Нарматова 2023-жылы Россияда 585 жаран каза болгонун айтып, мигранттардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн төлөнүүчү компенсациянын көлөмү боюнча маселе көтөрдү.
Өз кезегинде «Мекенчил» депутаттык тобунун жетекчиси Элмурза Сатыбалдиев жана «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков тышкы миграция менен бирге ички миграцияга да өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилешти.
Биргелешкен жыйындын жыйынтыгында депутаттар миграциялык саясатты ишке ашыруу жаатында тиешелүү министрликтерге бир катар сунуштарын беришти.