Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча төмөнкүдөй билдирүү калтырды:
- Албетте, бул кырсык. Себептери аныкталат сөзсүз, бул эми инженер-технолог адистердин иши. Үч нерсе байкалды:
1. Ыкчам уюштуруу иштери, штаб түзүлдү, өрт өчүрүлдү, жабыркагандар больницага жеткирилди. Мамлекеттин жетекчилери так, ар бири өзүнө тийиштүү иштерди ыкчам аткарганы. Президент өзү түнү бою буйрук-тапшырма берип, четте жүргөн МинКабдын башчысы тез арада түнү менен кайтып келип, тийиштүү министрлер кырсык болгон жерге жетип барып иштей баштаганы. Маалымат да тез жана сапаттуу берилип жатты, журналисттер үчүн брифинг ыкчам уюштурулуп, болгон суроолорго керектүү жооптор алынды.
2. Эртең менен эле ТЭЦтин аймагына Президент Жапаров жеке өзү барып, тийиштүү министрлер, шаардын мэри коштоп, жеринде жагдай изилденип, так жана эң керектүү тапшырмалар берилди... Өлкө башчы жабыркагандардын абалын больницага барып, көрүп, кабар алганга үлгүрдү... Акылбек Жапаров ТЭЦтин имаратында жыйын өткөзүп, бүт кабыл алынган чечимдер боюнча министрлерге тапшырма берди. Бийлик тез арада керектүү ишти баштады.
3. Президент Кабар агенттигине интервью берип, жагдайды, көрүлгөн чаралар жөнүндө дагы бир жолу маалымдалды. Ушунун баары 1 күндүн ичинде...
Мына, ушул кадамдар мамлекеттик механизм кандай иштеш керек экенин көрсөтүп койду. Эч паника жок, ар бир орган өз ишин так жана убагында аткарып баштады. Маалымат жашырылган жок. Социалдык тармактарда "жаткан" көралбастар да кынтык табалбай калды болуш керек...
Албетте, бул ЧП, масштабдуу ЧП... Техникалык жана адамдык себептери аныкталат. ТЭЦти масштабдуу реконструкция күтүп турат. Аны Президент өзү жарыялады.
Эмне дейбиз? Мындай кырсыктар болбой эле койсун, албетте... Ушуну менен чыгып кетсин деп коёт кыргыз. Мындайда анализ, жыйынтыктар жана сабактар сөзсүз болот. Мындан шек жок!