Печать
Категория: Коом
Просмотров: 444

Бишкек ЖЭБ 2-февралга караган түнү кезектеги жолу аварияга туш болду. Бул кырсык ЖЭБге байланышкан мурдагы коррупциялык иштерди жана аны жасаган адамдардын атын кайрадан эске салды. Убагында бул тууралуу көп талкуу болгон. ЖЭБди модернизациялоого Кытайдын алынган кредит толугу менен багытталган объектиге салынбаганы айтылган. Ошол кездеги ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун бул иштеги коррупциянын бетин ачкан билдирүүсү архивде сакталуу. 

"Бишкек ЖЭБин оңдоо максатында алынган кредитти өз учурунда бүтүндөй өкмөт колдогон, мыйзамды парламент ратификация кылган. Бирок, Сапар Исаковдун максаты кандай болгон, билбейм, анын алып келген TBEA компаниясы 380 млн доллар кредиттин үчтөн экисин гана жумшаган, калганы уурдалып кеткен. Башкача айтканда, алар эски ТЭЦти араң жамаачылап коюшкан. Бул каражатка жаңы ТЭЦ салса болот эле. Эсиңизде болсо, Мамлекеттик тарых музейин оңдоо шылтоосу менен да далай акчаны кымырып кетишкен. Баарына тарых тараза. Аны мен ошол кезде бетине ачык айткам! Эң жаманы, ошонун кесепети өздөрүнө тийбей, элге тийип жатпайбы..." - деген Шыкмаматов.