Печать
Категория: Коом
Просмотров: 411

Бишкек ЖЭБиндеги авариядан түнкү нөөмөттө иштеп жаткан беш жумушчу ар кандай жараат алган. Алардын абалы тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов маалымат жыйынында айтты. 

Айтымында, беш жумушчу Шаардык тез жардам ооруканасына жеткирилген. Үчөө 1,2 жана 3-даражадагы күйүк алган. Бирөөсүнүн абалы туруктуу болсо, экөө оор абалда деп сыпатталууда. Алардын бети, моюну жана тулку бою, буттары, ошондо, денесинин 80 пайызы күйгөн. Учурда экөө тең оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Үчүнчү жабырлануучу эки колунан 1, 2 жана 3-даражадагы күйүк алган, денесинин 10 пайызы күйгөн. Ал да ооруканага жаткырылып, абалы орточо оор деп бааланууда.

Төртүнчү жабырлануучу тизесинен жаракат алган, абалы канааттандырарлык, ооруканага жатуудан баш тарткан. Ал эми бешинчи жабырлануучуга иске ууланган деген диагноз коюлуп, ал дагы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБде авария орун алган.