Печать
Категория: Коом
Просмотров: 312

Бишкек ЖЭБиндеги авариядан улам шаардагы бир нече кичи райондор жылуулуксуз калган. Бул тууралуу ЖЭБдин директорунун орун басары Шаршенбек Сарыкеев маалымат жыйынында билдирди. 

Ал ысык суу бардык абоненттер үчүн өчүрүлгөнүн белгиледи. Ал эми жылуулук берүү дагы социалдык маанидеги эмес объектерилерге токтогон. 

Айтымында, учурда шаардын түштүк бөлүгү - 12, 11, 6, 7, 3 жана 5-кичирайонундары, 8-кичирайондун жарымы, "Улан", "Көк-Жар" кичирайондору жылуулуксуз калышты. 

"Аталган кичирайондордо жылуулуктун эң ылдыйкы чеги байкалууда, дээрлик жок десек болот. Ошондой эле ысык суу берүүнү толук чектеп жатабыз. Бул аргасыздык кадам, анткени жылуулук системасын сактоо керек, ал ачык. Жылуулук ысык суунун берилишин дагы камсыздайт", - деди Сарыкеев. 

Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБинде авария орун алган.