Печать
Категория: Коом
Просмотров: 346

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөнүн айыл чарбасын алдыга жылдыруудагы негизги төрт багытты атады. 

"Биз төрт багытты көздөй баратабыз.

1. Суу ресурстары - сууну туура, сарамжалдуу жана натыйжалуу иштетүү.

2. Айыл чарба багытындагы эң баштапкы нерсе болгон үрөн, көчөт, асыл тукум мал материалдары.

3. Кайра иштетүү жана соода - логистикалык борборлор. Бизде 5 пайыз гана кайра иштетүү бар экен, калганын баары чийки кетип жатат. Соода-логистикалык борборлорду алсак, 10 пайыз гана кампалар бар, калганы чийки жөнөтүлүүдө.

4. Экспорт. Бүгүнкү күнү Кытай мамлекетине эле экспорттун протокол түзүлгөн 9-10 түрү бар экен. Ага 12 гана компания иштеп жатат. Азыр протоколду көбөйтүү иштерин жасоодобуз. Пакистан, Иран, Түркмөнстан менен сүйлөшүп, кандай талаптар бардыгын тактап, экспортко багытталган иш чараларды жүргүзүп жатабыз", - деди Бакыт Төрөбаев.