Печать
Категория: Коом
Просмотров: 362

Аскер прокуратурасы Арстан Абдылдаевдин өлүмү боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогонун башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди. 

Ал белгилегендей, кылмыш иши Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтын Арстан Алай камалган мекемесинин кызматкерлерине карата ачылган. 

"Ооруканада камактагы адамдарды камоо шарты боюнча мыйзамдын талабын жана эрежелерди сакташкан эмес. Камерадан Арстан Абдылдаевдин ары-бери басып, чай ичип, шнур камдап жүргөнүн 24 саат бою көрүп отурушкан. Бирок алдын алуу чараларын көрүшкөн эмес. 27 жаштагы кыз экен, иштегенине 7 гана ай болгон. Ага инструкция беришкен эмес", - деди Зулушев. 

Эске салсак, 2024-жылдын 5-январында айыпталуучу Абдылдаев Арстанбектин жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашкана бөлүмүндө табылган.