Кыргызстанда 2023-жылы издөөдө жүргөн 66 чет өлкөлүк кармалган. Бул тууралуу башпрокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.
Ал кармалган чет өлкөлүктөрдү Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Түркияга экстрадация кылышканын белгиледи.
Айтымында, өткөн жылы Кыргызстандын кылмыш ишине тийиштүү болгон 76 жараны Россия, Бириккен Араб Эмираты, Швеция, Казакстан жана Түркиядан Кыргызстанга экстрадацияланган. Дагы 37 кыргызстандыкка карата экстрадациялоо процесси жүрүүдө.