Башпрокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында Кемпир-Абад боюнча камалгандар тууралуу суроого жооп берди.
"Өлкө башчысы өзү да билдирүүсүндө айтпадыбы, мага телефон чалып, "ушундай маселе болду, тез кабар алыңыз" деген тапшырма берген. Анткени бизде УКМКны көзөмөлдөгөн Аскер прокуратурасы бар. Аскер прокуратурасынан өкүлдөрдү ээрчитип, Камчы Көлбаевди кармоо операциясы болуп жаткан жерге бардым. Эксперттерди, дарыгерлерди чакырышып, кароо жүргүзүлүп жаткан экен. Көрүп келип, президентке маалымат бердим. Ошол эле күнү Көлбаевдин жок кылынышы боюнча ишти көзөмөлгө алдым. Президент Садыр Жапаров эгерде бул иште мыйзамсыз аракеттер болсо, карагыла деген. Биз Көлбаевди кармоо операциясы канчалык мыйзамдуу жүргүзүлгөнүн карадык. Кармоо учурунда каршылык көрсөтүү болуп, ошондон атышуу орун алды деген фактылардын мыйзамдуулугун карадык. УКМК тарабынан жасалды делген мыйзамсыз аракеттер аныкталган жок, ошондуктан тергөөнү УКМК улантып жатат", - деди Курманкул Зулушев.