Жакында Кыргызстанда кармалган 11 блогердин айыбы аныкталса, сот чечими менен тиешелүү жазасын алат. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.
Журналист башкы прокурорго "бийликти басып алууга шектелип 100дөн ашуун адам кармалды, алардын туура эмес тергеп жаткан тергөөчү жоопко тартылабы?" деген суроо узаткан.
"100дөн ашуун адам деп айтып жатасыз, мен факты менен айтайын ИИМ тарабынан 11 блогер кармалган жана бүгүнкү күндө тергөөсү жүрүп жатат. Ар бир катталган иштин мыйзамдуулугун прокуратура карайт. Ишти козгоого негиз барбы, ошол боюнча мыйзам чегинде карайбыз. Эгерде тагылып жаткан айыптары экспертиза, лингвистика жактан далилдениши керек. Ал эми тергөөчү кандай багытта тергейт, анын иши кылмышты далилдөө да - ал тергөөчүнүн укугу. Бизге ар кандай арыздар келет, адвокаттар кайрылышат, кармалган жарандар кайрылышат, баарын текшерип, өз-өзүнчө жообун берип жатабыз. Эгерде тергөөчү мыйзамсыз аракеттерге барып жатса, ал аныкталса, кайсы тергөөчү болбосун, биз ага карата кылмыш ишин козгоого даярбыз.
Мамлекет баарыбызга керек. Прокуратура, журналист, блогер, деги эле жалпы коом мамлекетти түзүп турабыз. Мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан бийик болушу керек. Жеке кызыкчылыктар мамлекеттин кызыкчылыгынан ылдыйда турушу керек. Ошону менен алдыга жылабыз. Башаламандык болсо, каалаган жаран жалган маалымат таратып, мамлекеттик коопсуздугуна шек келтирсе, аеосуз чараларды көрөбүз.
11 блогердин айыбы далилденсе, биз бекитип, сотко жиберебиз. Сот чечимин чыгарат. Баары мыйзамдуу жүрүшү керек, шоуга берилбеш керек", - деди башпрокурор.