Печать
Категория: Коом
Просмотров: 153

2023-жылы Кыргызстанда жаш балдарга карата жасалган 1832 кылмыш иши катталган. 2022-жылы мындай 1709 кылмыш иши козголгон болчу. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди. 

"1086 иш сотко өткөрүлдү, 658 иш кыскартылды, 75 иш боюнча учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Калган иштер боюнча иликтөөлөр токтотулган. 

478 иш Бишкекте катталган, 427 иш Чүй облусунда, 220 иш Жалал-Абад облусунда, 119 иш Ысык-Көл облусунда жана 225 иш Ош облусунда катталган", - деди Курманкул Зулушев.