Печать
Категория: Коом
Просмотров: 2949

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Көкүлов Балыкчыдагы жол кырсыгы боюнча маселеге кайрылды. Ал машина сүзүп кеткен кыз дарыланган оорукананын реаниматологун жана айыпталуучуну качырып жиберген прокурорду жазага тартыууну талап кылды. 

Ал жол кырсыгы болгонун угуп, ошол эле күнү Балыкчыга барганын айтты. 

"Ооруканага барганымда реаниматолог тосуп алды. Мен кыздын абалын билейин дегем, а дарыгер мага кыйкырынып баштады. Жогорку Кеңештин депутатына мындай мамиле кылган болбойт. Мейли мен, кызга ата-энесин да киргизишкен жок, мыйзамга ылайык жашы жете элек кыз менен ата-энеси болушу керек. Андан соң милицияга бардык, айыпталуучу менен жолугалы дегенбиз, а бизди прокуратурага жөнөтүштү, ал жактан кайра милицияга баргыла деп ички иштер башкармалыгы ишти жүргүзүп жатканын айтышты. Ошентип, түнкү саат экиге чейин бизди футбол тобундай эле кылышты. Акыры айыпталуучуну таптык, ал үйүндө экен. ИИБ башчысын жумуш ордунан таппадык, аны Бишкекке курулуш материалдарын алууга кеткенин айтышты", - деди Көкүлов. 

Ал бул ишти тийиштүү кызматтардын көзөмөлгө алышын суранды. 

Ошондой эле, ИИБ башчысы рулга мас абалында отурганын, машинада жасалма номер болгонун белгиледи. 

"Анын иниси дагы жоопкерчиликке тартылууга тийиш, жалган көрсөтмө бергени үчүн. Айыпталуучуну жоготуп алган прокурор дагы жазалансын. Реаниматологду да бейтаптардын жакындарына орой мамиле жасаганы үчүн жазага тартылуусун сурайм", - деди депутат. 

Эске салсак, Балыкчы шаарында өспүрүм кызды шаардын ИИБинин начальниги айдап бараткан машина сүзүп кеткен. Бул окуя ачыкка чыккандан кийин Бектур Осмонов ИИБ башчылыгынан алынган, ал эми анын иниси Ысык-Көл райондук ИИБинде аймактык инспектор болуп иштеген Бекзат Казаков кылмышты жаап-жашырууга аракеттенгени үчүн кармалган.