Печать
Категория: Коом
Просмотров: 481

Бүгүн, 31-январда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине техникаларды тапшырды. 

"Мүмкүнчүлүгүбүз кеңейди, эми бул техникалар менен элибиздин коопсуздугун сакташыбыз керек. Бул негизги маселе, урматтуу президентибиздин биздин алдыбызга койгон тапшырмасы да ошондой. Мындай техника менен ар кандай кырсыктан жабыркаган ар бир жаранга жардам бере алабыз. Мен ӨКМ толугу менен тийиштүү техника, технология менен камсыздарды деп ишенем, эми элге жардам бере бериңиздер", - деди Камчыбек Ташиев ӨКМ министри Бообек Ажикеевге кайрылып. 

Ошондой эле Камчыбек Ташиев акыркы эки жылда бир гана ӨКМ эмес, Коргоо министрлиги, Чек ара кызматы ж.б. коопсуздукка тиешелүү кызматтар жаңы, заманбап техникалар менен камсыз болгонун белгилеп, "бул мамлекеттин элге болгон камкордугу" экенин кошумчалады.