Печать
Категория: Коом
Просмотров: 274

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу базарын текшерүүгө барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда мындан ары өлкөдө мыйзамдуу бийликтин гана тартиби орной турганын билдирди. 

"3 жыл мурда биз бийликке келгенде бардык жерде тартипсиздик орногон. Бир гана базарда эмес, коомчулукта, мамлекеттик башкарууда, мамлекеттик мүлктү башкарууда, мамлекеттин ичиндеги аппаратты башкарууда... Жалаң жергиликтүү тургундар турасыздар, Ошту эле алалы. Кандай гана башаламандык болгон, жердеш-жердешке, клан-кланга, саясат-саясатка бөлүнүп алышып, элди кыйнап бүтүшкөн. Бул каракулжалыктардыкы, бул өзгөндүктөрдүкү, бул алайлыктардыкы, бул ноокаттыктардыкы деген нерселер болгон. Жада калса спортсмен балдарды бөлүп алышып, бул Курсан Асановдун спортсмендери, бул Раимбек Матраимовдун спортсмендери, бул Сүйүндүн спортсмендери дешкен.

Мамлекетти бирдиктүү мамлекеттик башкаруу болушу керек. Эч кандай уюшкан кылмыштуу топтор, бандиттер, мыйзамдагы уурулар, "смотрящий", "положенец" дегендер Кыргызстанда болбойт! Коррупцияга белчесинен батып, жөнөкөй элдин, мамлекеттин чөнтөгүнө кирип уурдайм дегендердин баарын мыйзам чегинде жазага тартабыз. Кыргызстандын элинин 99 пайызы жөнөкөй жарандар, 1 пайызы гана байлар же криминалдар.

Дженго деген бүт Ошту коркутуп алган болчу, андан милиция да, прокурор да, ишкерлер, керек болсо укмкчылар да коркушчу. Анын кланымын, бандитмин же болбосо кара күчүмө салып элди коркутам дегендин баарын жоопко тартабыз! Мамлекет жөнөкөй жарандарга иштейт", - деди Камчыбек Ташиев.