Жетишилген макулдашууларга ылайык, 2024-жылдын 21-январынан 27-январына чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек калган аймактарында биргелешкен ишмердүүлүктү жүргүзүп, ишти Кыргыз Республикасынын аймагында боло турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.
Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.
Жолугушуудан кийин Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимов биргелешкен билдирүү жасашты.
Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн делегацияларынын кезектеги сүйлөшүүсү соңуна чыкканын белгилеп, иш план боюнча баратканын айтты.
"Сүйлөшүүлөр эки тараптык түшүнүү менен өттү. Жакында өлкөлөрүбүздүн чек арасын бекитүү боюнча акыркы чекит коюлат", - деди Ташиев.
Ятимов КР УКМК төрагасынын билдирүүсүн тастыктап, комиссиянын өтө талаштуу аймактар боюнча докладын угушканын, ал аймактарга таандык принципиалдуу маселелерди чечүүнүн жолун таап жатышканын, жакын арада эки өлкөнүн чек арасы боюнча акыркы чечим кабыл алынаарын белгиледи.