Фейсбуктагы "Куба Буба" деген аккаунттун ээси Кубанычбек Асановго Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-январда өкүм чыгарган. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы 25-январда билдирди.
Маалыматка караганда, соттун чечими менен ал бир жылга абакка кесилген, бирок буга чейин абакта отурган бир күнү эки күнгө тете болуп, жазасын өтөп бүткөн деп эсептелди. Өкүм бир айдын ичинде күчүнө кирет.
Асанов Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен күнөлүү деп табылган.
Аны атайын кызмат өткөн жылы 11-майда кармаган.
Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына 15-ноябрда чыккан.