Печать
Категория: Коом
Просмотров: 207

Бүгүн, 25-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Жол фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоору тууралуу Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков тааныштырды.

«Жол фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын автомобиль күйүүчү майы катары колдонулган суюлтулган көмүр суутек газына (СКГ) акциздик салыкты киргизүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү максатында жана каражаттарды топтоо жана өлкөнүн автомобиль жолдорун курууну, күтүүнү, оңдоону, реконструкциялоону жана техникалык өнүктүрүүнү каржылоо боюнча милдеттерди аткаруу үчүн «Жол фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору иштелип чыкты.

Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Мыйзам долбоору иш боюнча сот актысы күчүнө кирген учурдан тартып жарандардын мамлекеттик алымды кайтарып берүү жөнүндө сотко кайрылуу укугун бекемдөө максатында иштелип чыккан.