Печать
Категория: Коом
Просмотров: 100

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги Алматыда жер титирөөдөн кийин 44 адам ар кандай жаракаттар менен дарыгерлерге кайрылганын билдирди.

"Алар ар түрдүү жаракат менен шаардык ооруканаларга жеткирилген, алардын 34ү чоңдор. Үчөө ооруканага жаткырылды, 31 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү", — деп айтылат Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында.

10 балага медициналык жардам көрсөтүлдү: алардын бешөө ооруканага жаткырылды, калгандары амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү.

Негизинен алардын башы көгала болуп, колу-бутун чоюп алышкан.

Түндө Алматынын коомдук саламаттык сактоо башкармалыгы сегиз адам жабыркаганын кабарлаган. Алардын ичинен үчөө турак жайлардын экинчи жана үчүнчү кабаттарынан секирген. Медициналык текшерүүдөн кийин эки жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Үчүнчү жабырлануучу ооруканага жаткырылды, анын абалы оор деп бааланууда. Беш адам үйдөн качып баратканда жаракат алган.

23-январга караган түнү, саат 00:09да болгон жер титирөөнүн очогу Кыргызстан-Кытай чек арасына жакын, Шиңжаң-Уйгур автоном облусунун Аксуу ооданында болгону, күчү 7 баллга жеткени кабарланды.

Термелүүнүн күчү Алматыда 5, Чимкентте 4 баллга жеткенин Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Ошондой эле Астанада шаарында, Алматы облусунда, Чыгыш-Казакстан, Жетису, Жамбыл, Караганды облустарында да сезилген.

Жер титирөө Кыргызстандын да бир нече облусунда байкалды. Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген.