УКМК «Бишкек Башкыархитектура» жана Кыргыз Республикасынын Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Мамлекеттик картографиянын кызмат адамдарынан пара талап кылуу фактысы боюнча маалымат таратты.
Анда айтылгандарга таянсак, Кыргызстандын атайын кызматы тарабынан 22-январда ишкек шаарынын аймагынан 1 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Ленин районунун башкы архитектору А.Н.М. жана Кыргыз Республикасынын Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик картографиянын экономикалык бөлүгү боюнча бөлүмүнүн башчысы М.Ж.А. кармалды.
Ага чейин КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү боюнча, опузалап 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу фактысынын негизинде кылмыш иши ачылган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, Ленин районунун башкы архитектору А.Н.М. аффилирленген жактар аркылуу коммерциялык объектилерди бузуу шылтоосу менен ар бир объектиге 2-3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.
Учурда кармалгандардын катышуусунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, башка кызмат адамдарынын бул коррупциялык схемага катышуусу бар экендиги аныкталууда.