Ушул жылдын 14-январында КР «Достук» алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайынан 7 унаа кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, ал автоунаалар Өзбекстан Республикасын көздөй бара жатканы аныкталган.
КР УКМК КР Каржы министрлигине караштуу «Түштүк-Батыш бажысынын» контрабандага каршы күрөшүү бөлүмү жана алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайынын кызматкерлери менен бирдикте, ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып өтүү фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүүдө.
Такталгандай, «Достук» АБЖЖнын бейтарап аймагында автоунаалардын айдоочулары тарабынан жасалма мамлекеттик номурлар орнотулуп, Кыргыз Республикасынын автотранспорт каражаттарына жасалма каттоо күбөлүктөрү даярдашып, андан соң алар Өзбекстан Республикасына транзиттик унаа катары эмес, буга чейин бажы төлөмдөрүн төлөгөн жана Кыргызстанда катталган унаа катары барууну пландаштырышкан.
Учурда Кыргыз Республикасынын автотранспорт каражаттарын каттоонун жасалма күбөлүктөрүн жана мамлекеттик номурларын даярдоонун жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
КР УКМК мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө каршы күрөштү улантууда.