«Элдик» депутаттык тобунун лидери, депутат Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл футбол лигасынын 14-сезонунун жеңүүчүлөрүнө Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын жана Ыраазычылык каттарын тапшырды.
Баш калаада уюштурулган салтанаттуу иш-чарада депутат Акылбек Түмөнбаев сөз сүйлөдү. Жаштар спорт аркылуу өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп жатканына токтолуп, аларга ийгиликтерди каалады.
Футбол лигасынын 14-сезону 2023-жылдын 17-сентябрынан 29-декабрына чейинки аралыкта Бишкек шаарында Кыргыз футбол бирикмесинин оюн талаасында өткөн.
Ушул жылдын 17-февралында 15-сезондук оюндар башталат. Жеңүүчүлөргө демөөрчүлөр тарабынан кубок, медаль, диплом, акчалай сыйлыктар жана эс алуу жайларына сертификаттар, ал эми мыкты оюнчуларга акчалай сыйлык менен кошо белектер тапшырылды.