Печать
Категория: Коом
Просмотров: 459

Дары-дармектердин мыйзамсыз ташылып келүүсүнүн ири партиясына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын жардамы менен эсепке алынбаган товарлар менен иштөө боюнча, республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, 2024-жылдын 18-январында «Ак-Тилек-унаажолу» чек ара тилкесинде жүк ташуучу документтери күмөн жараткан «Вольво» үлгүсүндөгү унаа кармалган. 

Анда айыл чарба буюмдарына жамынып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын салык органдарында каттоого турууга тиешелүү документтери жок, баасы 50 миллион сомдон ашык 450 ящиктен турган кымбат баалуу дары-дармектердин ири партиясы табылган. Дарыларды ташып келүүчүлөр айыл чарба буюмдары катары чек ара тилкесинен өткөрүүнү ниеттенишкен.
Учурда КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн фактыга башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.