Печать
Категория: Коом
Просмотров: 250

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Даркан айылында "Сезим" бала бакчасында балдарды патриоттуулукка тарбиялоочу кошумча тайпа ачылды. 

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда, пилоттук кошумча тайпа бала бакчаларды пайдалануунун натыйжалуулугун арттыруу үчүн ачылган. Анда басым балдарды улуттук баалуулуктар жана патриоттук идеялардын негизинде тарбиялоого жасалат. Тайпа жергиликтүү бийлик органдары тарабынан каржыланат.