Печать
Категория: Коом
Просмотров: 93

Жогорку Кеңештин депутаттары Аманкан Кенжебаев, Максатбек Сарбагышев жана Мирлан Самыйкожо Чүй облусунун Ысык-Ата районуна барып, малга чыктуу тоют даярдоонун ыкмалары жана анын жыйынтыктары боюнча өткөрүлгөн семинарга катышты.

Азыркы экологиялык шартта малды үзгүлтүксүз тоют менен камсыздоого багытталган жаңы ыкма катары чыктуу тоюттун өзгөчөлүктөрү талкууга алынып, тажрыйбага ээ адистердин сунуш-пикирлери айтылды. 

Бул жаңы ыкманын малчылар үчүн мааниси чоң экенин белгилеген Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы, депутат Аманкан Кенжебаев Жогорку Кеңеш мындай демилгелерди ар дайым колдой тургандыгын кошумчалады.

Ал эми депутат Максатбек Сарбагышев Кыргызстан агрардык өлкө катары мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган заманбап ыкмаларды өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурушу керектигин айтып, бул жаатта чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин эске салды. 

Ошондой эле депутат Мирлан Самыйкожо фермерлерге шарт түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болушу керектигин билдирип, өткөрүлгөн семинарды өлкөнүн бардык аймактарында улантуу зарылчылыгына токтолду.