УКМКга Жалал-Абад шаарындагы «Чынчыл күрөөкана» унаакүрөөканасынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн жабыркагандардан арыздар келип түшкөн. Мындан улам текшерүү иштери жүргүзүлүп, аталган ломбарддын ээлери, Кыргыз Республикасынын жарандары 1985-жылы туулган А.С.М. жана 1995-жылы туулган М.Э.Т. тиешелүү лицензиясы жок күрөөкананын мыйзамсыз ишин жүргүзүп, ири өлчөмдөгү 240% жылдык ссудаларды беришкени аныкталган.
УКМКнын маалыматына караганда, алар күрөөгө кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү алышкан. Бир канча убакыттан кийин, келишимдердин мөөнөтү бүтө элек кезде эле, өздөрүнө ишенип берилген мүлктү өзүм билемдик менен сатып, ал мүлктүн ээсине "үстөк пайызы күрөөнүн баасынан эбак эле ашып кеткен" деп коюшкан.
Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Алдамчылык, башкача айтканда, алдамчылык же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдө башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө укукка ээ болуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.
2024-жылдын 15-январында бул кылмыш ишинин алкагында «Чынчыл күрөөкананын» ээлери: 1985-жылы туулган А.С.М. жана 1995-жылы туулган М.Э.Т. кармалып, алардын жашаган жеринен тинтүү учурунда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр боюнча документтер табылып алынган.
Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди, азыркы убакта бул адамдар тарабынан жасалган башка кылмыштарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.