Печать
Категория: Коом
Просмотров: 158

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон жаранды издөөгө 19-январь күнү, саат 08:00да жалпы 312 адам чыгышты.

Анын 188и Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, курамында кинолог 10 дрон менен ИИМден 120 кызматкер 2 дрон, Инсараг тобунун 4 адиси 2 дрон менен издөө ишин алып барышат.

Эске салсак, 14- январь күнү 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январды караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайындагы "Жаннат" мейманканасыдагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Аталган жаранды издөө иши Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.