Ош облусунда 19-январга караган түнү, саат 00:37 чамасында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлады.
Андагы маалыматка таянсак, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында болгон: Сары-Могол айылынан түштүк-батышты карай 26- чакырымында, Кара-Кабак айылынан түштүк-чыгышты карай 28 - чакырымында, Ачык-Суу айылынан түштүк-чыгышты карай 30-чакырымында.
Аталган айылдарда жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга чейин сезилген.