Печать
Категория: Коом
Просмотров: 438

Президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын 11-январында кол койгон Жарлыгына ылайык, 1961-жылы Россиянын Ленинград шаарында туулган, орус улутундагы Гайдуков Александр Леонидович  Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылды. 

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. 

Буга чейин белгилүү болгондой, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Александр Гайдуковго байланышкан КР Кылмыш жаза кодексинин 222-беренесинин 2-бөлүгү, 1-пункту ("Адамдар тобу тарабынан кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдаштыруу") боюнча кылмыш иши иликтенген.

Александр Гайдуковго буга чейин эки жолу кол салуу болгон. Ал Санкт-Петербург шаарында жана Кыргызстанда бизнес менен алектенет. Биринчи жолу 2016-жылдын 9-апрелинде Бишкекте Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде кол салууга кабылган. Ал үйүнөн чыгып, өзүн көздөй эркек кишинин келе жатканын көрүп, автоунаасына кирип, жата калууга үлгүргөн. Ага карата эки жолу ок атылып, бирок тийген эмес. 

Экинчи жолу 2018-жылдын 10-августунда Исанов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин алдында кол салуу болгон. Бул сапар үйдө жарылуу орун алган. Анда Гайдуковдун компаниясы жайгашкан болчу.