Печать
Категория: Коом
Просмотров: 333

Камчыбек Асанбектин кылмыштуу жол менен табылган кирешелерин адалдаштыруу фактысы боюнча Кыргызстандын мурдагы премьер-министринин уулу М.У.Д.га издөө жарыяланганын УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, М.У.Д. криминалдык авторитеттин кылмыштуу ишмердүүлүгүн, алардын акчасы талап-тоноодон, опузалаоодон жана ишкерлерге "салык" салуудан топтогон каражаттар экенин билип туруп, 2018-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен бизнес жүргүзүп келген. 

Аталган жаран Камчыбек Көлбаев менен биргеликте Ысык-Көл облусунда жайгашкан "Каганат" пансионатынын аймагындагы Flamingo Bay ресторанына, Чолпон-Атадагы White түнкү клубуна ээлик кылган. Ошондой эле Көлбаевге таандык "Ордо" соода-көңүл ачуу комплексинин үчүнчү кабатына элиталык түнкү клуб ачууну пландап, ага каражат салган. 

М.У.Д. ресторан бизнеси тармагындагы башкаруу компаниясын жетектейт, ал Бишкекте 11ден ашуун элиталык жайларды тейлейт. Алар: «Асман», Social Coffee, Urban, Sushi Room, Red cow, Cakes/bubbles, My shisha, Aroma, «Тесто Место». Түшкөн кирешелердин бир бөлүгү УКТны каржылоого жумшалат. 

Аны менен катар М.У.Д.  SAYA Brasserie ресторандар тармагындагы беш жайларды (MURA, Eva Beach Restaurant, Patriki, Daily Huqqa жана Milky Jar) башкарган Aiza Hospitality фирмасынын ээси болуп эсептелинет. Аталган жайлар Дубайдын элиталык району  «Пальм Джумейрада» жайгашкан. Ошондой эле Алматыдагы (Soccial Group Almaty) беш ресторанга: Eva Terrace, Urban, Local, Daily coffee жана Mongol bar ээлик кылат. 

М.У.Д. өзүнүн жана жакын туугандарынын мүлкүнүн чыныгы кирешесинин көлөмүн жашыруу максатында ортомчуларга катталган. Чүй облусунун аймагынан эле Камчы Көлбаевге таандык "Каганат" эс алуу борборунун коттедждери жана 180ден ашуун жер участоктору аныкталган. 

17-январда М.У.Д.га кылмыш жасагандыгы үчүн сырттан айып тагылды. Учурда издөө жарыяланды. 

Белгилей кетсек, "Майрам Групп" жана Social Coffee ЖЧКнын жетекчиси болуп өлкөдөн качып кеткен мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу Үсөнов Мурат Даниярович эсептелинет.