АКШ Тынчтык Корпусунун Эко-туризм боюнча жети адис ыктыярчылары жергиликтүү өкмөттүк эмес Коомчулукка негизделген Кыргыз туризм Ассоциациясы (КНКТА) менен өнөктөштүктө туруктуу туризмдин өнүгүүсүнө жардам берүү үчүн Бишкекке келишти. Тренингди аяктагандан кийин адис ыктыярчылар КНКТА өнөктөштөрү менен жаратылышка негизделген турларды иштеп чыгууга, ички жана эл аралык туристтерди тартуу үчүн натыйжалуу маркетинг стратегияларын түзүүгө, туризмдин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү экосистемасына тийгизген таасирин минималдаштыруу үчүн колдонмолорду жазууга жана мыкты иш-чараларды уюштурууга, жана жергиликтүү өнөктөштөрдүн англис тилин жакшыртууга жардам беришет.
Ыктыярчылар эки жумалык кыргыз тили сабактары жана маданияттар аралык компетенттүүлүктү камтыган интенсивдүү тренингди аяктагандан кийин Кочкор, Токтогул, Арсланбаб, Нарын, Каракол, Ош жана Бишкек шаарларындагы Коомчулукка негизделген туризм ассоциациясынын кеңселеринде экотуризм маркетинги боюнча адис катары эмгектенип башташат. Ыктыярчылар Кошмо Штаттарда жогорку квалификациялуу жана өнүгүүгө умтулган адамдарды аныктоого багытталган тандоо процессинен өтүштү.
Окуу программасын ийгиликтүү аяктагандар гана ыктыярчынын антын беришет. Алардын өлкөдөгү кызматы 12 айга созулат.
«Өлкөбүздөгү бардык Коомчулукка негизделген туристтик Ассоциациялар адис ыктыярчыларды кубаныч менен тосуп алууга даяр! Бул ыктыярчылар Кыргызстанга көптөгөн туристтерди тартуу үчүн биздин экотуризм боюнча сунуштарыбызды жакшыртууда колдоо көрсөтөт деп ишенебиз”, - дейт Кыргызстандын коомчулукка негизделген туризм ассоциациясынын аткаруучу директору Асылбек Ражиев.
Адис ыктыярчылар учурда Кыргызстанда кызмат өтөп жаткан 35 англис тилин окутуу боюнча ыктыярчылардын катарын толуктап, ыктыярчылардын жалпы санын 42ге жеткиришет. Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусунун Эко-туризм боюнча программасы Тынчтык Корпусунун Европа, Азия жана Жер Ортолук деңиз аймагында бул биринчи программа болуп саналат. Бул өз ордунда Кыргыз Республикасыдагы Тынчтык Корпусунун климатка багыттылган иш-аракеттерге көңүл буруусун чагылдырып турат.