Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттарды коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.
Ал дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы коронавирус кайра күчөй баштагандыгын белгиледи. Ошондой эле өзү дагы бир жолу эмдөөдөн өткөнүн айтты.
"Бизде коронавируска каршы вакцина бар. Мен биринчилерден болуп кайрадан эмдөөдөн өттүм. Эл өкүлдөрүн да вакцина алууга чакырып кетем. Сасык тумоо, коронавирус жана башка ушул сыяктуу вирустук жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн сөзсүз эмдөөдөн өтүү керек. Учурда өлкө боюнча дарыгерлердин баары эмдөөдөн өтүп жатышат.
Бирок ата-энелердин өздөрүнүн эмдөөдөн өтпөй жаткандыгы учурда чоң көйгөй болууда. Эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү багытында муфтият менен да тыгыз иш алып барып жатабыз", - деди Бейшеналиев.