Печать
Категория: Коом
Просмотров: 151

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев коомчулукка мамлекеттин алган карыздары жана насыялары боюнча туура маалымат берүү керектигин айтты. 

"Эл арасында "мынча насыя алышыптыр, карыз башыбыздан ашты, 30, 40, 20 жылга кредиттерди алып жатабыз" деген сөздөр жүрүп жатат. Элге бул кредиттер кайра эле алардын керектөөсүнө, инфраструктурага, жолдорго жана башка нерселерге пайдаланылып жатканын жеткирүү керек.

Бул кредиттер 30-40 жылга алынып, андан ары реструктуризациялоого мүмкүнчүлүк бардыгын дагы түшүндүрүү зарыл. Булар пайызсыз, эч кандай оорчулук келтирбеген кредиттер", - деди Түлөбаев. 

Ал маалымат туура жетпей жатканынан улам коомчулукта мамлекеттин карызы өсүп баратат деген түшүнүк жаралып жатканын белгиледи.