Печать
Категория: Коом
Просмотров: 173

Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Нурланбек Шакиев Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу пикирин билдирди. 

Ал учурда өлкөдө сөз эркиндигине кысым болуп жатат дегендерге кошулбай турганын белгиледи. 

"Бардык нерсенин чеги болот. Биринчи жоопкерчилик болушу керек. Кайсы бир сырттан каржыланган уюмдардын Кыргызстандын стабилдүүлүгүнө, экономикалык өсүп жаткан көрүнүштөргө терс таасирин тийгизет. Журналистикага жамынган, өздөрүн журналист эсептеген ээн ооздордун айынан өлкөдө ар кандай пикирлер бар. Сөз эркиндиги - адам каалаганын айта алганын билдирет. Бизде ал бар, азыр эле кесиптешибиз өз оюн ачык айтты. Бирок сөз эркиндиги деп өлкөнүн туруктуулугуна доо кетирбеш керек. Ээн ооздуктун чеги болот. Мына, менин дарегиме канча сын-пикирлер айтылып келет, мурдагы журналист катары бирин да сотко бербедим. Мен сөз эркиндигин сыйлайм, коргойм. Бирок жоопкерчиликсиз мамиле сөзсүз жазаланышы керек. Сөзсүз мыйзам иштеши керек. ЖМКлар тууралуу мыйзам долбоору чийки экен, артка кайтардык. Бирок маалымат каражаттары боюнча мыйзамды жаңылаш керек, анткени ал эски. Андан бери канча өзгөрүүлөр болду, интернет айдыңы пайда болду, технологиялык өсүүлөр орун алды. Булар эски мыйзамда каралган эмес. Азыркы замандын талабына жараша мыйзамды даярдоо керек.

Кыргыз сөзгө маани берген. "Сөз атасы өлбөсүн" дейт. "Баш кесмек бар, тил кесмек жок" дейт. Бирок тилди туура, калыс пайдалануу керек. Бир жакшы нерсе айтпаса, көрбөсө, жазбаса, анан бир адамдар чыгып сүйлөп койсо, анын атынан комиссия түзө берген болбойт. Депутаттар мындай майда-чүйдө иштерге аралашпаш керек. Өлкөнүн туруктуулугун, коопсуздугун биринчи орунга коюу зарыл", - деди Нурланбек Шакиев.