Жогорку Кеңештин экинчи кабатынан секирип түшүп качып кеткен депутат Эмил Жамгырчиев 16-январда парламенттин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынына келди. Буга чейин УКМК барып сурак бергени жана эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулганы белгилүү болгон.
Эмил Жамгырчиев кесиптештерин жана коомчулукту шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырып, адамдын күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот чечээрин белгиледи.
"Окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат. Сотто менин дагы маалыматым болот. Мени соттун чечиминен кийин сынга алсаңыздар болот. Ата-энем, үй-бүлөм, балдарым бар, алар ыңгайсыз абалда калып жатышат. Мындай нерсе ар бирибиздин башыбызда бар", - деди депутат.
Ошондой эле ал Башкы прокуратуранын аны мыйзам жообуна тартуу сунушун колдогон кесиптештерине нааразы эместигин айтты.
Эске салсак, Жамгырчиев Өзбекстанга мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип барып келүүгө шектелип жатат.