Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде тарбияланып жаткан майыптыгы бар балдарга белектер тапшырылды. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, жалпы суммасы 50 миң сомдон ашуун каражатка алынган белектер Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Каныбек Маманов жана "Кёрлинг" федерациясынын президенти Тынчтыкбек Саматов тарабынан берилди.
Белгиленгендей, мындай кайрымдуулук иш-чара 2013-жылдан бери улантылып келет. "Кёрлинг" федерациясынын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн жетекчиси Каныбек Мамановдун айтымында, алдыда кайрымдуулук иш-чаралары байма-бай жүргүзүлүп турмакчы.
Учурда аталган мекемеде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 120 бала тарбияланып келет.