Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына бүгүн 16-январда шектүү катары жеткирилген 11 журналист, активист милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Маалыматка караганда, төмөнкү жарандар камакка алынган: 1994-жылы туулган А.Т., 2001-жылы туулган Б.А., 1997-жылы туулган И.А., 1972-жылы туулган С.С., 1993-жылы туулган Б.Ж., 1994-жылы туулган К.М., 1990-жылы туулган А.С., 1991-жылы туулган О.А., 1992-жылы туулган Т.Ж., 1992-жылы туулган Т.М., 1991-жылы туулган Т.Ж.
Аталгандардын баары КР Кылмыш жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнө (Бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырык жасоо) ылайык шектелип жатышат.
Кечээ, 16-январда ИИМ "Айт, айт десе" жана Temirov Live интернет - аянтчаларын тинтүү учурунда массалык башаламандыкка, каршылык акцияларга чакырык белгилери бар материалдар табылганын билдирген.