Печать
Категория: Коом
Просмотров: 273

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору эки өлкө ортосундагы чек аранын дагы 38,35 чакырымы боюнча макулдашты. Бул тууралуу Тажикстандын улуттук "Ховар" агенттиги кабарлады.

Агенттиктин билдирүүсүндө кеп чек аранын кайсыл тилкелери жөнүндө болуп жатканы жана анын шарттары кандай экени жазылган эмес.

12-январда Баткен облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өткөн. Анын соңунда алар биргелешкен билдирүү жасап, Ташиев тараптар бир катар чек ара аймагы боюнча орток пикир табышканын билдирген.

"Анын ичинде Максат айылынан баштап "встреч" аймагына чейин (ред: Арка айылынын чети) 15 чакырымдык жер боюнча бир чечимге келдик. Эми биздин комиссия бул келишим боюнча кол коюшу керек. Биз мындай чечимге канааттандык", - деген Ташиев.

Ятимов да тараптар Кулунду-Максат-Арка аймагы боюнча принципиалдуу чечимге келишкенин жана бул боюнча протоколдун долбоору даярдалганын айткан.

"Биз Камчыбек Ташиев менен маанилүү учурларды, принципиалдуу маселелерди талкууладык. Мында өтө маанилүү болгон Кулунду-Максат-Арка багыты боюнча да сөз болду. Бул боюнча биз протоколдун долбоорун даярдадык, буга бардык тараптар макул болду. Ошентип биз алгылыктуу кадам таштадык. Биз Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо процессин аягына чыгаруу боюнча мамлекет башчыларыбыздын, элдин талабын аткарып, иш алып барып жатабыз", – деген ал.

Кыргызстан менен Тажикстан соңку айларда чек ара маселесин чечүү боюнча аракеттерин күчөтүп келет.

10-январда Душанбеге барган Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан түрк бийлиги Кыргызстан менен Тажикстан ушул жылдын март айында чек ара боюнча макулдашууга кол коёруна үмүттөнөрүн билдирген.

Ташиев менен Ятимов буга чейин былтыр 12-декабрда да Баткен шаарында жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашкан. Анын соңунда экөө атайын билдирүү жасап, кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашканын билдиришкен. Ташиев анын ичинде Баткендеги "Кайрагач айылынан баштап Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жер, Жийделикке чейинки айылдардын тушундагы такталбаган тилкелер макулдашылганын" ырастаган.

Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын айткан.

Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун былтыр 17-декабрдан 23-декабрга чейин Тажикстандын Бустон шаарында өткөн жолугушуусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 11,88 чакырымы макулдашылганы кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда, жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Андан бери эки мамлекеттин жумушчу топторунун жолугушуусунда кабыл алынган протоколдорду эске алганда, мунаса табылган жерлердин аянты улам кеңейүүдө.