Бүгүн, 15-январда КР Кылмыш жаза кодексинин 407-беренесинин негизинде ("согушту пропагандалоо") ачылган кылмыш ишинин алкагында, «24.kg» маалымат агенттигинин кеңсесинде ыкчам-тергөө амалдары болуп өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө, компьютерлер, ноутбуктар, электрондук маалымат каражаттары ж.б. кылмыш иши үчүн маанилүү болгон буюм далилдери алынды.
Учурда ыкчам-иликтөө иш чаралары жүргүзүлүп жатат.