Депутат Эмил Жамгырчиев өзүнө байланыштуу иш тууралуу Жогорку Кеңештин 17-январда өтчү жыйынында маалымат берет. Бул тууралуу депутат өзү билдирди.
Ал жыйында УКМКга суракка барганга чейин кайда жүргөнүн, эмне үчүн парламенттин имаратынан качып кеткени тууралуу да айтарын кошумчалады.
10-январда Жогорку Кеңеш Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген. Бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев Жамгырчиев 2022-жылы Өзбекстандын “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал жараны Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, ага жолукканы тууралуу маалымат бар экенин айткан.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып коюлган кыргыз жарандары камакка алынбай турганын” билдирип, Жамгырчиевди иш сотко өтсө, сотко келүүгө чакырган.
Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.
Депутаттык комиссия Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген чечимин 9-январда жабык жыйында кабыл алган.