Депутат Шарапаткан Мажитова Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы балдар үйлөрү менен таанышып келгенин белгилеп, мектеп-интернаттарды жоюу аракеттерине балдар каршы экенин билдирди.
Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Фостердик типтеги үй-бүлөлөргө балдар көнбөй кайра качып келип жатканын тарбиячылар айтышкан. Эл өкүлү тескерисинче балдар үйлөрүнүн шарттарын жакшыртып, өнүктүрүү зарылдыгына токтолду.